Би-Би-Си дүрбүсүндө - Каракалпакстандын бөлүнүп чыгышы эмнеге кыйын?

Каракалпакстандын бөлүнүп чыгышы эмнеге кыйын?

Download Каракалпакстандын бөлүнүп чыгышы эмнеге кыйын?

Нукуста 1-июлда башталган массалык нааразылык акциялары тополоңго айланып, бүт республика боюнча коменданттык саат киргизилди. Нааразылыкты күч менен басуу убагында 18 адам каза таап, 243 адам жаракат алганы расмий жарыяланды.

Каршылык акциялары Өзбекстандын жаңы Конституциясынын долбоорунда Каракалпакстандын суверенитетин жана референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу алынып салынгандан кийин дүрт эткен эле.

2-июлда президент Мирзиеёв Каракалпакстанга келип, жергиликтүу депутаттар менен жолугуп, элди нааразы кылган жоболор баш мыйзам долбоорунан алып салынарын билдирди. Анткен менен элдик нааразылык оңой менен тынчыбай калды көрүнөт, каршылык жыйындарда Каракалпакстанды биротоло Өзбекстандан бөлүп алып, көз каранды эмес өлкө кылып жарыялоо жөнүндө сунуштар дембе-дем көтөрүлүп жатат. Бирок көп жылдан бери Өзбекстандын курамында келаткан бул республиканын бөлүнүп өз алдынча болушу оңой чечиле турган маселе эмес, ага көп тоскоолдуктар бар.

Published on Thursday, 7th July 2022.

Available Podcasts from Би-Би-Си дүрбүсүндө

Subscribe to Би-Би-Си дүрбүсүндө

We are not the BBC, we only list available podcasts. To find out more about the programme including episodes available on BBC iPlayer, go to the Би-Би-Си дүрбүсүндө webpage.